Добавить статью
5:13, 11 ноября 2013 33016

Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгы белгиленет

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп–үйрөнүүнү тереңдетүү жана атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында, 2013-жылдын 15-16- ноябрында Бишкек шаарында Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында» аттуу эл аралык Экинчи илимий жыйын өтөт.

Илимий жыйында төмөнкүдөй багыттарда секциялар иш алып барат:

1. Кыргыз каганаты жана Евразиядагы түрк мамлекеттери: Мамлекеттүүлүк маселелери

2. Кыргыздардын жана башка түрк элдеринин маданият тамыры жана этностук келип чыгышы: Археология, этнология, булак таануу.

3. “Манас” дастаны жана Евразиядагы түрк элдеринин руханий маданиятынын тарыхый-генеалогиялык тамырлары.

Илимий жыйында колдонулчу тилдер – кыргыз, орус, англис, түрк.

Жыйын өткөрүү жайы:

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын №1 “Ала-Арча” мамлекеттик ордо конушу.

Бул эл аралык конференцияга Кыргызстандын окумуштууларынан тышкары Орусиядан тарых илиминин доктору, археолог, кыргызтаануучу Юлий Сергеевич Худяков (Новосибирск ш.), т.и.д., ХакасМУнун профессору, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер Виктор Яковлевич Бутанаев (Абакан, Хакасия, Орусия), казакстандык тарыхчылар, тарых илимдеринин докторлору Сатай Максутович Сыздыков (Астана ш.), Жулдыз Мусаевна Тулибаева (Алматы ш.), казак тилчиси, профессор Ерден Кажыбек (Алматы), немис манас таануучусу, Бонн университетинин профессору Карл Райхл (Karl Reichl; Бонн, Германия), геогр.и.д., филол.и.к., профессор Сүйүн Караев (Ташкент, Өзбекстан), Шинжаң педагогикалык университетинин "Манас" илимий изилдөө борборунун өкүлү, маданият таануу адиси, профессор Мамбеттурду Мамбетакун (Үрүмчү, ШУАР, КЭР), мажар музыка таануучусу, профессор Йанош Шипош (Будапешт, Венгрия), ж.б. ар кыл өлкөлөрдүн илимпоздорунун катышуусу күтүлүүдө.

Кыргыз кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн, “Мурас” коомдук фондунун, Конрад Аденауэр фондунун, “Улуу Баян” фондунун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Кыргызстан УИАсынын, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосу астында өтүүдө.

Бул иш-чара эки жылдык эл аралык илимий иликтөө аракеттерин жыйынтыктайт.

Илимий жыйынды утурлай кыргыз тилинде эки илимий монография (Ю.С.Худяков менен М.Ч.Кожобеков жазган Энесай Кыргыз каганатынын тарыхына арналган китептер) жана орус тилинде бир илимий монография (В.Я.Бутанаевдин Түштүк Сибирдеги топонимияга арналган китеби) жарык көрүүдө. Болочокто да Кыргыз каганатынын тарыхына арналган башка ар кыл китептер жарык көрмөчкү.

2013-жылы аталган темага байланыштуу республикалык деңгээлде бир топ башка иш-чаралар да өткөрүлдү. Маселен, Кыргызстандын ар кыл аймактарында (Ош, Нарын, Талас, Бишкек ж.б.) илимий жана илимий-практикалык жыйындар, семинарлар, талкуулар өтүп, аларда Улуу Кыргыз каганатынын тарыхына байланыштуу илимий баяндамалар жасалды.

“АКИpress” маалымат агенттиги сыяктуу бир катар маалымат агенттиктери жана интернет барактары, КТРК, ЭлТР, Би-Би-Си Кыргыз кызматы, “Азаттык” үналгысы, ж.б. Улуу Кыргыз каганатынын тарыхына байланыштуу илимий-популярдуу макалаларды ырааттуу жарыялап жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый баскычтарына арналган ар кыл берүүлөрдү обого чыгарып турушту.

Былтыркы илимий жыйындын материалдары КУУнун басмаканасында жарык көрдү:

1. Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын материалдары: (2012-жылдын 15-16-ноябры). 1-бөлүм. Материалы Международной научной конференции «Кыргызский каганат в контексте тюркской цивилизации: Проблемы кыргызоведения», посвященной к 1170-летию образования Великого Кыргызского каганата (15-16 ноября 2012 г.): Часть 1. / Редколлегия: С.А.Раев (төрага), Б.М.Жумабаев, Т.К.Чоротегин, А.Р.Бикбулатова (катчы), Н.Момошева, Т.Сырдыбаев. – Бишкек: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети; Кыргызский национальный университет им. Ж.Баласагына, 2012. - 170 бет. - ISBN 9967-21533X

2. Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын материалдары: (2012-жылдын 15-16-ноябры). 2-бөлүм. Материалы Международной научной конференции «Кыргызский каганат в контексте тюркской цивилизации: Проблемы кыргызоведения», посвященной 1170-летию образования Великого Кыргызского каганата (15-16 ноября 2012 г.): Часть 2. / Редколлегия: С.А.Раев (төрага), Б.М.Жумабаев, Т.К.Чоротегин, А.Р.Бикбулатова (катчы), Н.Момошева, Т.Сырдыбаев. – Бишкек: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети; Кыргызский национальный университет им. Ж.Баласагына, 2013. - 250 бет. - ISBN 9967-21533X

Быйылкы эл аралык илимий-практикалык жыйын тууралуу пресс-конференция (маалымат жыйыны) 14-ноябрда саат 15:00те “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин имаратында өз ишин баштайт.

Илимий жыйындын соңунда кыргыз таануу жана орто кылымдардагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын изилдөө маселелерин мындан ары эл аралык деңгээлде иликтөө, соңку илимий табылгаларды калайыкка кеңири жайылтуу, эл аралык илимий кызматташтыкты тереңдетүү, жаш окумуштуу адистерди даярдоо жана башка өңүттөрдө сунуштар камтылган резолюция кабыл алынаары күтүлөт. Бул илимий жыйындын материалдары жакынкы келечекте жарыкка чыгарылмакчы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-05-2013
Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари (Барскани) Карахандардын мамлекеттик башкаруусу тууралуу
27844

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×